Түрк басма сөзү 10.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

321059
Түрк басма сөзү 10.08.2015


«Йени шафак» гезити «Премьер-министр лидерлерге чакырык салды» деген макаласында премьер-министр Ахмет Давутоглунун бардык саясий лидерлерди коомдук тартипке жана демократияга ээ болуу, куралдардын ташталышы темаларында биргелеше иш жүргүзүүгө чакырганын жазган. «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын Стамбул областтык башкаруучулугуна жасалган куралдуу кол салуудан кийин маек куруп берген өкмөт башчы Давутоглу: «Жооптуулар сөзсүз кармалып, жоопко тартылат. Эч ким бизди коркутуп, күчтөн тайдырам деп ойлобосун»,-деди.

«Йени шафак» гезити «АКШнын учактары Инжирликке келди» деген маалыматында ДЕАШка каршы жүргүзүлө турган операцияларга катышуу үчүн АКШнын 480-флотуна караштуу 8 учактын Аданадагы Инжирлик базасына келгенин билдирген. Флотто 6 F-16 согуштук учагы менен С-5 жана КС-135 үлгүсүндөгү аскердик учактар орун алды.

«Ватан» гезити «Үчүнчү аэропортко 26 мүнөттө жетүү» деген макаласында Стамбулдун жаңы аэропорту менен Гайреттепени метро жолу бири-бирине байланыштыра турганын жазган. 33 километрдик жолду 120 километрдик ылдамдыкта жүргөн унаалар менен 26 мүнөттө басып өтүүгө болот. Бул долбоордун курулушу 2016-жылга пландалууда.

«Сабах» гезити «Кытайда 5 жарманке өткөрөбүз» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Кытайга сапарынын жемишин бергенин жазган. Президент Эрдогандын Кытайга сапарына катышкан CNR Холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Эрем: «Көп талап бар. 2016-жылы 5 сектордо көргөзмө жарманке уюштурабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Искусство дүйнөсү бир жылдызынан ажырады» деген макаласында бөйрөк оорусунан улам дарыланып жүргөн сүрөтчү журналист жазуучу Фикрет Отьямдын 89 жашында дүйнөдөн кайтканын жазган.

«Миллийет» гезити «Стамбулда көргөзмө өтөт» деген маалыматында Сакып Сабанжы музейинин 2-сентябрдан тарта Зеро көргөзмөсүнө жетекчилик кылаарын билдирген. Бул көргөзмө Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки агымды Түркияга таанытууну максаттоодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар