Түрк басма сөзү 20. 03. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача малыматтар

273215
Түрк басма сөзү 20. 03. 2015

«Стар» гезити «Биринчи дүйнөлүк согушу бүткөн жок» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын «100 - жылында Дүйнөлүк согуштун документтери» деген конгресс жана көргөзмөнүн ачылышында Биринчи дүйнөлүк согушунун «Биринчи бөлүшүү согушу» деп аталганына көңүлдөрдү бурганын жазган. «Бөлүшүү» сөзүнүн нефтинин, Жер Ортолук деңизи жана Суэц каналынын соода жолдорунун ачкычын колунда кармап турган осмондукту бөлүшүү деген мааниге келгенин белгилеген Эрдоган : «Биринчи дүйнөлүк согушунун бүтпөгөнүн бүгүн так түрдө көрүп жатабыз. Согуштун акырында кол коюлган Сайкса — Пико келишими бир гана көз жашы жана зулумчулукту алып келди. Хаоско таянган тартип азыр да күчүндө»,- деди.
«Сабах» гезити «ИШИМге Стамбулдан өтүүгө ураксат берилбейт» деген маалыматында Сирия жана Иракта согуштун ИШИМге кошулуу үчүн Европадан аймакка барган чет өлкөлүктөргө карата түрк полициясынын операциялары улантылып жатканын жазган. Өз өлкөлөрүнөн эч бир коопсуздук бөгөткө учурабастан чыккан ИШИМ жактоочуларын токтотуу милдети түрк полициясына берилди. Акыркы 2 жумада Стамбулда Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропортторунан өлкөгө кирген 32 киши кармалып өлкөлөрүнө жиберилди. Аэропорттор менен бирге автовокзалдар жана станцияларда көрүлгөн чаралар ИШИМге чоң сокку берди.
«Йени шафак» гезити «Кыдырып жүрүүчү дүйнө медиасы унчукпай калды» деген маалыматында Гези паркы окуяларына согуш кабарчыларын жана түз эфир унааларын жиберип Таксим аянтына лагерь курган эл аралык медиа Франкфурттагы Европа Борбордук банкынын ачылышын протест кылган митингдерде немис полициясынын күчүн «Коопсуздук чарасы» деген ат менен берген. Эл аралык медиа түрк полициясы үчүн ашыкча күч колдонду деген кабарларды бергенин жазган.
«Миллийет» гезити «Чанаккале көпүрөсүндө тендерге аз калды» деген маалыматында транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Феридун Билгин дүйнөнүн эң узун асма көпүрөсү боло турган Чанккале кысыгынан өтө турган көпүрө үчүн тендердин бул жылдын ортосунда башталарын билдирген. Билгин : «Гелиболу - Лапсеки багытына курула турган көпүрө жалпы 3 миң 623 метр узундугунда жана дүйнөнүн эң узун көпүрөсү болот. Көпүрө аркылуу кургак жол транспорт тилкесине кошумча катары темир жолго да өтүүгө болот»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Араптардын акыркы фаворити» деген маалыматында келишимдүү актер Шүкрү Өзйылдыз Жакынкы Чыгышка да белгилүү болгонун жазган. Гезит Өзйылдыздын Жакынкы Чыгыштан келген кино долбоорунан сунуш келгенин, азыркы учурда сценарийди окуп жатканын жазган. Өткөн күндөрдө Стамбулга келген борбору Бириккен Араб Эмирликтериндеги MBC4 каналына интервью берген актер : «Жакынкы Чыгыштык күйөрмандарымын мага көрсөткөн кызыгуусу кубантуучу нерсе»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар