Түрк басма сөзү 20. 02. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

225469
Түрк басма сөзү 20. 02. 2015

«Хабер түрк» гезити «Билим бер - камсызда үчүн кол коюлду» деген маалыматында Түркия жана АКШнын сириялык оппозициячылдар үчүн билим бер - камсызда макулдашуусуна кол койгонун жазган. Маалыматка караганда бир канча убакыттан бери сүйлөшүлүп жаткан макулдашуу текстине тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Феридун Синирлиоглу жана АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басс кол койду. Синирлиоглу : «Жасай турган дагы көп ишибиз бар»,- десе Басс : «Бирдикте иштесек дайыма күчтүү болобуз»,- деди. Март айында башталуусу пландалган билим бер - камсызданын негизинде Түркияда жылда 2 миң сириялык оппзициячылга билим берүү максат кылынууда.
Ушул эле гезит «Түрк агымынын багыты» деген маалыматында Газпромдун энергетика жана жарытылыш ресурстары министрлигинин билдиргенине караганда ар бири 15 миллиард 750 миллион метр куб көлөмдүү 4 башка куурдан жылда 63 миллиард метр куб ташый турган Түрк агымынын Орусияда Русскаядан башталарын жазган. Кара деңизге төшөлө турган 910 километрдик жолдун 660 километри Түштүк агымдын багыты менен өтөт. Андан кийин жол Түркияга багыт алат жана 260 километри курулат. Газпром 2015 - жылдын 1 - октябрында деңизден өтө турган бөлүгүнүн башталуусун максат кылууда.
«Йени шафак» гезити «Ракета тендери Кытайда» деген маалыматында Түркиянын абамайданын коргой турган ракета тендери «технология трансфери убадасын» берген кытай фирмасында калды. НАТО өлкөлөрү Кытайга нааразычылык билдиргенине карабастан башка сунуш киргизишкен жок. Улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз тендер процессинин соңуна чыкканын билдирди. Йылмаз : «Система Түркиянын коргонуусу үчүн улуттук системаларга интеграцияланат. НАТОго интеграция кылынбастан колдонулат»,- деди.
«Стар» гезити Түркияда 4К жана гибрид менен берүү мезгили башталат» деген маалыматында дүйнөдө 3 гана өлкөдө болгон 4К проектиси Түркияда биринчи жолу ТРТ, Түрксат жана Вестел кызматташтыгы менен ишке ашып жатканын жазган. Проектинин негизинде айрыкча Түркия биринчи жолу гибрид методун да колдонот. Бул жылы тест берүүлөрдүн аяктоосу жана келерки жылы пландуу түрдө эфирге өтүлүүсү максат кылынууда. ТРТнын баш директору Шенол Гөка Түрксаттын баш директору профессор Энсар Гүл жана Вестел фирмалар группасынын аткаруу кеңешинин төрагасы Туран Эрдоган катышкан жана төрт тест берүү башталган жыйынга маалымат берген вице – премьер Ялчын Акдоган 4Кнын дүйнөдө Түштүк Корея, Испания жана АКШда экенин белгилеп : «Европада бул берүүлөргө өткөн биринчи өлкө болдук»,- дегенин билдирген.
«Хүррийет» гезити болсо УЕФА Европа лигасындагы футболдук командалар Бешикташтын Англияда Ливерпулга 1 – 0гө жеңилгенин жана Трабзонспордун да Авни Акер стадионунда Наполиге 4 – 0го жеңилип,УЕФА Европа лигасында чейрек финал үмүтү 26 - февралда ойноло турган реванш матчына калганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар