Түрк басма сөзү 20. 12. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

153624
Түрк басма сөзү 20. 12. 2014

«Акшам» гезити «Катардан дүйнөлүк кубокко чакыруу» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Түркия менен Катардын ортосунда 600 миллион доллар болгон соода көлөмүндө эми миллиарддарды сүйлөшүүнүн убагы келгенин айтканын белгилеген. Гезит Эрдогандын Анкарада конок кылган Катардын шейхи Темим бин Хамад Ал Санинин да «Заманбап дүйнөдө колонияда калган Палестина жана Сирия тууралуу сүйлөштүк»,- дегенин белгилеген. Гезит Ал Санинин : «2022 Дүйнөлүк Кубок үчүн базистик проектилерибизде түрк бир туугандарыбыздын да орун алуусун каалайбыз»,- дегенине басым жасаган.
«Йени шафак» гезити «Жапа чеккендин жанындабыз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Катар менен кол коюлган аскердик кызматташтык келишими аземинде сүйлөгөн сөзүнө токтолгон. Гезит президент Эрдогандын : «Түркия менен Катар ушул күнгө чейин эч качан бөлүнгөн жок. Ар дайым бирдикте болдук, ар дайым тилектештик ичинде болдук жана ар дайым дүйнөдө жапа чеккендердин жанында болдук. Бул чечкиндүүлгүбүздү ошол бойдон улантабыз»,- дегенин билдирген.
«Хабер түрк» гезити «Батыш Палестинага дагы жакын турат» деген кабарында Палестинанын Анкарадагы элчиси Набил Маароуфтун кызмат мөөнөтүнүн толуусунан кийин Анкара менен коштошкондон мурда «Хабер түрк» гезитинин күн тартиби тууралуу маселелерине жооп бергени белгиленген. Гезит Маароутун : «Эми Батыш Палестинага дагы жакын турат. Абдан чоң үмүтүбүз бар. Европа Биримдигине, бардык ортоктуктарга, АКШ жана Израилге чыныгы кысым кылуу менен тынчтыкты түзө алабыз. Азыркы учурда Палестинанын 136 өлкө таанып жатат. Эми Батышта пайда болгон жаңы таануу кыймылы менен бардык Европа калктары Палестинанын таанылуусу үчүн өкмөттөрүнүн кыймылга өтүүсүн каалап жатат. Бул абдан маанилүү нерсе»,- дегенин билдирген.
«Сабах» гезити «Түрк жана ислам чыгармалары музейи кайрадан ачылды» деген маалыматында реставрациясы бүткөн түрк жана ислам чыгармалары музейинин маданият жана туризм министри Өмер Челик тарабынан ачылганын белгилеген. Гезит 100 - жылы белгиленген жана түрк – ислам санатынын дээрлик ар мезгилине таандык 45 миң чыгарма болгон Стамбул Суланахмат аянтындагы музей үчүн 2012 - жылы башталган иштердин негизинде 16, 4 миллион лира каржалганын билдирген.
«Стар» гезити «Морган Түркиядагы биринчи мейманканасын Стамбулда ачты» деген маалыматында дүйнөнүн бир топ өлкөсүндөгү бутик мейманканалар менен белгилүү Morgans Grupтун Түркиядагы биринчи мейманканасы болгон «10 Каракөйдү» азем менен кызматка ачканын белгилеген. Гезит ачылуу аземине маданият жана туризм министри Өмер Челиктин да катышканын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар