Улуттук дзюдочу Ведат Албайрак Европа чемпиону

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак социалдык медиадан бөлүшкөн билдирүүсүндө, Ведат Албайракты куттуктады.

2060473
Улуттук дзюдочу Ведат Албайрак Европа чемпиону

Улуттук дзюдочу Ведат Албайрак Францияда өткөрүлгөн чоңдор арасындагы Европа чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Түркиянын дзюдо федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Монпелье шаарында 81 килограммда татамиге чыккан улуттук спортчу атаандаштарын жеңип финалга жолдомо алды жана алтын медаль үчүн мелдеште грузиялык Тато Григалашвили менен беттешти.

Атаандашын жеңген Ведат 2021-жылдан кийин дагы бир жолу Европа чемпиону болду.

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак социалдык медиадан бөлүшкөн билдирүүсүндө, Ведат Албайракты куттуктады.



Тектеш кабарлар