Фенербахче дербиде жеңип, чемпиондук үмүтүн улантты...

Трендёл Супер лигасынын 34-жумасында Фенербахче дербиде Бешикташты 2-1 утуп алып упайын 89га жогорулатты.

2132826
Фенербахче дербиде жеңип, чемпиондук үмүтүн улантты...

Фенербахче дербиде жеңип, чемпиондук үмүтүн улантты...

Трендёл Супер лигасынын 34-жумасында дербиде Бешикташты 2-1 утуп алып упайын 89га жогорулаткан Фенербахче, сезондун аягына 4 матч калганда лидер Галатасарайдын 4 упай артында чемпиондук үмүтүн улантты.

Үлкер стадионунда ойнолгон беттештин 25-мүнөтүндө Бешикташтын оюнчусу Аль-Мусрати Фредге карай кыймылынан кийин кызыл карта менен оюндан четтетилсе, Фенербахче 30-мүнөттө Мичи Батшуайинин киргизген голу менен 1-0 алдыга чыкты. 

Фенербахче 69-мүнөттө Ирфан Жан Кахвежинин киргизген голу менен эсепти 2-0 кылса, Бешикташ 82-мүнөттө Женк Тосундун голу менен айырманы 1ге кыскартты: эсеп 2-1.

Калган убакытта башка гол болгон жок жана сары-кочкул көк түстүү команда дербиде 2-1 эсебинде жеңишке жетти.

Бул жыйынтык менен упайларын 89га жеткирген сары-кочкул көк түстүү команда чемпиондук үмүтүн улантып, сезондун аягына 4 матч калганда лидер Галатасарайдан кийин дароо 4 упай арттында турат.



Тектеш кабарлар