Гандбол боюнча А улуттук эркектер командасы

Италия-Түркия биринчи тур реванш оюну 5-ноябрда Чиети шаарында ойнолот.

2059136
Гандбол боюнча А улуттук эркектер командасы

Гандбол боюнча А улуттук эркектер командасы 2025-жылдагы Дүйнөлүк Чемпионаттын Европа тандоолорунун биринчи тур матчында Италияны тосуп алды.

Ай жылдыздуу команда Сакарияда өткөн беттешке күчтүү күйөрман колдоосу менен чыкты.

Беттешти жакшы баштаган улуттук курама, биринчи жарымды 15-13 эсебинде алдыда аяктады.

Экинчи таймда да артыкчылыгын уланткан түрк командасында, Рамазан Дөне менен Дорук Пехливан 10 упайлык оюну менен өзгөчөлөндү.

Атаандашын 37 - 28 эсебинде жеңген гандбол боюнча А улуттук эркектер курама командасы реванш үчүн олуттуу артыкчылыкка ээ болду.

Италия-Түркия биринчи тур реванш оюну 5-ноябрда Чиети шаарында ойнолот.

Түркия убактысы боюнча саат 20.00дө баштала турган беттеш TRT Spor Йылдыз экранынан көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар