Бугра Үнал Кыргызстанда чемпион...

Борбор калаа Бишкекте Эл аралык Заманбап Пентатлон Биримдиги (UIPM) уюштурган мелдештер эркектер арасындагы финал менен аяктады.

2053427
Бугра Үнал Кыргызстанда чемпион...

Улуттук спортчу Бугра Үнал Кыргызстанда өткөрүлгөн Заманбап Пентатлон боюнча олимпиадалык рейтинг мелдешинде чемпион болду.

Борбор калаа Бишкекте Эл аралык Заманбап Пентатлон Биримдиги (UIPM) уюштурган мелдештер эркектер арасындагы финал менен аяктады.

Бугра Унал; фехтование, атка минүү, сууда сүзүү, чуркоо жана атуу баскычтарынан жалпысынан 1500 упай алып, жарышты биринчи аяктады.

Болгариялык Тодор Михалев 1494 упай менен экинчи, венгриялык Кенди Вичян 1480 упай менен үчүнчү орунду ээледи.

UIPM тарабынан Польша жана Испаниядан кийин үчүнчү жолу уюштурулган Олимпиадалык рейтинг жарышында чемпион катары 40 балл алган Бугра Үнал, олимпиадалык рейтинг упайларын 72ге чыгарды.

Кечээ өткөрүлгөн кыз-келиндер финалында да улуттук спортчу Илке Өзюксел подиумдун биринчи тепкичине чыкты.

Олимпиадалык рейтинг жарыштары Кыргызстан этабынан кийин 2024-жылдын 25-28-январында Египетте өтөт.



Тектеш кабарлар