Англияда Галатасарайдын тарыхый жеңиши...
Галатасарай УЕФА Чемпиондор Лигасынын А тайпасынын 2-жумадагы матчында эки жолу артта калганына карабастан Манчестер Юнайтедди 3-2 эсебинде жеңди.
Англияда Галатасарайдын тарыхый жеңиши...
Галатасарай УЕФА Чемпиондор Лигасынын А тайпасынын 2-жумадагы матчында эки жолу артта калганына карабастан Манчестер Юнайтедди 3-2 эсебинде жеңди.
Сары-кызыл түстүү команданын голдорун; Заха, Керем жана Икарди киргизишти.
Олд Траффорд стадионунда өткөн беттешти словакиялык калыс Иван Крузляк башкарды.
Манчестер Юнайтед 17-мүнөттө Расмус Хойлунддун голу менен 1:0 эсебинде алдыга чыкты.
Бул голдон 6 мүнөт өткөндөн кийин Вилфрид Заха сары-кызыл түстүү өкүлүбүздүн эсебин 1-1ге теңеди.
Беттештин биринчи жарымы ушундай эсеп менен аяктады.
Манчестер Юнайтед 67-мүнөттө Расмус Хожлунд киргизген гол менен дагы бир ирет алдыга чыкты.
Галатасарай 71-мүнөттө Барыш Алпер Йылмаз пас бергенде Керем Актүркоглу топту дарбазага тээп эсепти 2-2 кылды.
Англиянын командасындагы бразилиялык оюнчу Каземиро 77-мүнөттө пенальти жаратып, экинчи сарыдан кийин кызыл айып карточкасы менен оюндан четтетилди.
Аргентиналык чабуулчу Мауро Икарди 78-мүнөттө пенальтиден пайдалана алган жок, бирок 81-мүнөттө өзүн актап, гол киргизүү менен командасын 3:2 эсебинде алдыга чыгарды.
Калган мүнөттөрдө башка гол болбогондуктан, Галатасарай конокто Англиядан 3-2 эсебинде жеңиш менен кайтып, 3 упайга ээ болду.
Бул жыйынтык менен өкүлүбүз сапарын жеңилбестен улантып, тайпадагы упайларын 4кө жеткирди.
Манчестер Юнайтед 1 упайда калды.
Тайпадагы башка оюнда Бавария Копенгагенди 2-1 эсебинде утуп, 6 упайга ээ болду.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.