19-Азия оюндары...

10-күнүндө оор атлетика боюнча дүйнөлүк рекорд жаңырды.

2046087
19-Азия оюндары...

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын 10-күнүндө оор атлетика боюнча дүйнөлүк рекорд жаңырды.

Ханчжоу шаарында 73 килограмм салмакта индонезиялык Рахмет Эрвин Абдулла силкип көтөрүүдө 201 килограмм менен рекорд жаңылады.

Абдулла декабрь айындагы 200 килограммдык рекордун жакшыртып, Кытайда алтын медаль тагынды.

Түндүк Кореянын Азия оюндарында оор атлетика боюнча үч рекордунан кийин 22 жаштагы оор атлетчи өз өлкөсүнө чоң бакыт тартуулады.

Кыз-келиндер арасында 10 метр аралыкка платформадан секирүү боюнча Кытай алтын жана күмүш медалга ээ болду.

Өлкөнүн жаш жылдыздарынын арасындагы таймашта 16 жаштагы Куан Хунчан командалашын үч упайга утуп алтын медаль тагынса, 17 жаштагы Чен Юси күмүш медалды багындырды.

Подиумда үчүнчү орунга Малайзия чыкты.

Үч аттап секирүүдө, 4х100 эстафетасында жана декатлондо да алтын медалга ээ болгон үй ээси Кытай, кыз-келиндердин таяк менен секирүүсүндө көңүлү чөктү.

Алтын медалды 62,92 балл менен индиялык спортчу Анну Ранни алды.



Тектеш кабарлар