Дүйнөлүк сууда сүзүү чемпиондугу эртең Японияда башталат

Дүйнөлүк сууда сүзүү чемпионатында сүзө турган улуттук курама команда Японияга кетти.

2014717
Дүйнөлүк сууда сүзүү чемпиондугу эртең Японияда башталат

Эртең Японияда баштала турган дүйнөлүк сууда сүзүү чемпионатында 8 улуттук спортчу медаль үчүн жарышат.

Түркиянын сууда сүзүү федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Кюсю аймагынын Фукуока шаарында 23-30-июль күндөрү өткөрүлө турган дүйнөлүк сууда сүзүү чемпионатында сүзө турган улуттук курама команда Японияга кетти.

Чемпионатта Түркиянын атынан медаль үчүн жарыша турган спортчулар төмөнкүлөр : Мерве Тунжел, Дениз Эртан, Эла Наз Өздемир, Эжем Дөнмез, Батуралп Үнлү, Хүсейин Эмре Сакчы, Берке Сака жана Беркай Өмер Өгретир. 

 



Тектеш кабарлар