Европа оюндары аяктады...

21-июнда Польшада башталган 3-Европа оюндары расмий түрдө жабылуу аземи менен аяктады.

2006040
Европа оюндары аяктады...

Европа оюндары аяктады...

21-июнда Польшада башталган 3-Европа оюндары расмий түрдө жабылуу аземи менен аяктады.

Краковдогу «Генрик Рейман» муниципалдык стадионунда өткөрүлгөн жабылыш аземинде улуттук бадминтончу Неслихан Йигит Арын түрк желегин көтөрүп чыкты.

«Биз бирбиз» деген ураан менен өткөн жана өнөрпоздор чакан концерт берген оюндардын жабылыш аземинде жарык нур көрсөтүүлөр менен түрдүү сахналык көрсөтүүлөр өткөрүлдү.

Малопольска аймагындагы 13 башка шаарда өткөрүлгөн уюмда Түркияны 19 тармакта 103ү аял, 90у эркек, жалпы 193 спортчу өкүлдүк кылды.

Түркия 3-Европа оюндарында 9у алтын, 9у күмүш жана 20сы коло болгон жалпы 38 медалга ээ болушту.

Медаль рейтингинде Түркия 48 өлкөнүн арасында 9-орунга чыкты.

Медалдар тизмесинде 35 алтын, 26 күмүш жана 39 коло медаль менен жалпы 100 медаль алган Италия биринчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар