Улуттук балбан кыздардан 3 медаль...

Европа чемпионатынын төртүнчү күнүндө улуттук балбан кыздар алтын, күмүш жана коло медалга ээ болушту.

2000393
Улуттук балбан кыздардан 3 медаль...

Улуттук балбан кыздардан 3 медаль...

Албанияда өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Европа чемпионатынын төртүнчү күнүндө улуттук балбан кыздар алтын, күмүш жана коло медалга ээ болушту.

Дуйгу Ген иш-чарада кыз келиндер арасында 65 кг салмакта Европа чемпиону болду.

Борбор шаар Тиранадагы мелдеште кыз-келиндер арасында 65 килограммда күч сынаган Дуйгу Ген, иш-чарага өз алдынча катышкан Маргарита Салназарянды финалда 2-1 эсебинде жеңип Европа чемпиону болду.

Дуйгу бул ийгилиги менен чемпиондукта Түркияга биринчи алтын медалды алып келди.

43 килограммда мелдешкен Ягмур Карабажак болсо финалда көз карандысыз спортчу Александра Березовскаяга жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.

Нил Акташ да кыз-келиндер арасында 49 килограммда польшалык атаандашы Мая Милена Майдансканы 7-4 эсебинде жеңип коло медалды багындырды.



Тектеш кабарлар