Кипьегон атасына унаа сатып берет...

Кениянын президенти Вильям Руто өлкөгө бир жумада эки медаль алып келген жөө күлүк Файт Кипьегонго борбор шаар Найробиден үй жана 36 миң доллар сыйлык тапшырды.

1999996
Кипьегон атасына унаа сатып берет...

Кениянын бир жумада эки дүйнөлүк рекорд жаңырткан атлети Файт Кипьегон, ээ болгон сыйлык менен атасына убада кылган унааны сатып аларын айтты.

Кениянын президенти Вильям Руто өлкөгө бир жумада эки медаль алып келген жөө күлүк Файт Кипьегонго борбор шаар Найробиден үй жана 36 миң доллар сыйлык тапшырды.

29 жаштагы спортчу президент Рутого ыраазычылык билдирип, «Сыйлык алганыма абдан кубанычтамын. Азыр Найробиде үйүм бар. Бул акчага атама убада кылгандай унаа сатып алам»,- деди.

Олимпиада жана дүйнө чемпиону Файт Кипьегон айдын башында Италиянын Флоренция шаарында өткөрүлгөн Бриллиант лигасынын үчүнчү этабында трассага чыгып, кыз-келиндер арасында 1500 метрге жарышта 3 мүнөт 49.11 секунд менен жеңишке жетишкен жана дүйнөлүк рекорддун жаңы ээси болгон.

Кипьегон дем алыш күндөрү Парижде өткөн Diamond League жарышында 5000 метр аралыкты 14 мүнөт 5,2 секунд менен бүтүрүп, дагы бир дүйнөлүк рекорд койгон.



Тектеш кабарлар