Олимпиада факелинин жолу Канн фестивалында улантылды

Францияда өтүп жаткан 77 - Канн кинофестивалында "Марселло Мио" тасмасы көрсөтүлөр алдында франциялык спортчулардан турган делегация Олимпиада факели  менен кызыл килемге чыкты.

2142766

Француз спортчулары Арно Ассумани, Алексис Ханкинкван, Нелия Барбоза жана Мари Патуйе кызыл килемден өтүп баратып  факелди да колдоруна алды.

Фестивалда Олимпиада факелин көтөргөндөрдүн арасында мурдагы спортчулар Мари-Хосе Перек менен Илиана Руперт да орун алды. 

Француз делегациясын 2024  Париж Олимпиадасын уюштуруу комитетинин президенти Тони Эстангует жана мурдагы спортчу Тьерри Рей коштоду. 

Грециядан чыккан Олимпиада факели  кылымдардан бери келе жаткан Белем паручтуу  кемеси менен 8 - майда Франциянын Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Марсель шаарына барган. 

Олимпиада факели   Париж - 2024 Олимпиада оюндарынын 26-июлда ачылышына чейин Франциянын чет өлкөлөрдөгү жерлери менен 400 башка жерге алып барылат.

Франция 26-июлдан 11-августка чейин Олимпиада оюндарын өткөрөт.

Тектеш кабарлар