Италиядагы сел Формула-1ге тоскоол болду

Өлкөнүн түндүгүндөгү Эмилиано Романья аймагында жааган жамгырдан улам 24 айыл суу астында калды.

1987972
Италиядагы сел Формула-1ге тоскоол болду

Италияны каптаган сел апааты Формула-1ге да таасирин тийгизди...

Италияда нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында пайда болгон сел апааты адам өмүрүн алды.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Эмилиано Романья аймагында жааган жамгырдан улам 24 айыл суу астында калды.

Формула-1 жетекчилиги да италиялык жооптуу кызматкерлер менен чукул жыйын өткөрүп, дем алыш күнү ушул аймакта өтө турган Имола Гран-присин жокко чыгаруу чечимине келди.

Сезондун 6-чы жарышын, графиктин тыгыздыгына байланыштуу кийинки күнгө жылдыруу мүмкүн эмес.

Формула-1дин башкы директору Стефано Доменикалли: «Мен чоңойгон аймакта бул көрүнүштү көрүү абдан өкүнүчтүү, кабыл алынган чечим коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу»,-деди.

Формула-1деги сезон Монако Гран-при менен уланат.

Календардагы эң кызыктуу жарыштардын бири болгон мелдеш 28-майда өтөт.



Тектеш кабарлар