Мессиге дагы бир сыйлык...

35 жаштагы жылдыз "Жылдын мыкты эркек спортчусу" аталды.

1984098
Мессиге дагы бир сыйлык...
Fraser-Pryce

Лионель Месси сыйлыктарга тойбой жатат...

35 жаштагы жылдыз 2020-жылдан кийин дагы бир жолу Laureus World Sports Awards сыйлыктарында жылдын мыкты эркек спортчусу аталды.

Парижде өткөн сыйлык тапшыруу аземинде Месси Стивен Карри, Арманд Дуплантис, Килиан Мбаппе, Рафаэль Надаль жана Макс Верстаппенден оозуп кетти.

Жылдыз футболчунун 2022-жылкы Катар дүйнөлүк чемпионатында киргизген 7 голу менен Аргентинанын чемпион болушунда ойногон ролу сыйлыкты алууда таасирдүү болду.

100 метрге чуркоодо дүйнөнүн 5 жолку чемпиону болгон ямайкалык спортчу Фрейзер-Прайс да «Жылдын аял спортчусу» наамын алды.

"Жылдын мыкты командасы" наамы 36 жылдан кийин Дүйнө чемпиону болгон Аргентина курамасына ыйгарылды.

"Жылдын ачылышы" наамы 2022-жылы АКШнын ачык чемпионатын жеңген 20 жаштагы Карлос Алькараска берилди.

Испаниялык теннисчи дүйнөлүк рейтингде эң жаш курагында 1-орунга көтөрүлгөн эркек теннисчи наамына ээ.

Жүрөк оорусунан кийин кайрадан талаага чыккан "Манчестер Юнайтеддин" оюнчусу Кристиан Эриксен болсо "Жылдын кайтып келиши" наамын алды.

Швейцариялык пара атлет Кэтрин Дебруннер да жылдын майып спортчусу аталды.



Тектеш кабарлар