Барселона төрттүк финалга чыккан биринчи команда...

Баскетбол боюнча THY Европа лигасынын плей-офф чейрек финалында Испаниянын командасы Барселона атаандаш талаасында Литванын өкүлү Жальгиристи 77-66 упай эсебинде жеңди.

1982551
Барселона төрттүк финалга чыккан биринчи команда...

Барселона төрттүк финалга чыккан биринчи команда...

Баскетбол боюнча THY Европа лигасынын плей-офф чейрек финалында Испаниянын командасы Барселона атаандаш талаасында Литванын өкүлү Жальгиристи 77-66 упай эсебинде жеңип, сериядан 3-0 менен чыкты жана төрттүк финалга өттү.

Жальгирио Аренада ойнолгон беттештин биринчи чейрегин 13-10 алдыда бүтүргөн Барселона тыныгууга да 29-26 артыкчылык менен кирди.

Экинчи жарымга Жальгиристин эсепке өнөктөш болушуна жол бербеген Испания курамасы үчүнчү чейректе 61-48 эсебинде алдыга чыкты жага таймашта 77-66 эсебинде жеңиш менен аяктады.

Улуттук баскетболчу Сертач Шанлы да ойногон Барселона серияны 3-0 эсебинде утуп, төрттүк финалга чыккан биринчи команда болду.

THY Европа лигасынын төрттүк финалы 19-21-май күндөрүндө Литванын Каунас шаарында өтөт.



Тектеш кабарлар