Бешикташтын жеңиш сериясы аяктады
Трабзонспор лигадагы 2 матчтан кийин упайга ээ болду.
Бешикташтын Спор тото Супер лигасынын 29-жумасында Трабзонспор менен 0-0 эсебинде тең чыккандан кийин 5 матчтык жеңиш сериясы соңуна чыкты.
Бешикташ упайын 56га жеткирип, 3-орунду сактап калды.
Трабзонспор лигадагы 2 матчтан кийин упайга ээ болду.
Өз талаасында Юкател Кайсериспорго 4-3 эсебинде утулуп, андан кийин конокто Касымпашага 2-0 эсебинде жеңилген бордо-көк команда Бешикташ менен тең ойноп, эсебин 45ке жеткирип, 6-орунда болду.
Бордо-көк команданын 2 оюнчусу оюндан четтетилди.
Кара деңиз командасында Бакасетас менен Гбамин 4-сары карточка жазасын алган үчүн кийинки жумада атаандаш талаасында ойноло турган Демир Груп Сивасспор беттешинде ойной алышпайт.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.