Наполи тарыхында биринчи жолу чейрек финалда...

Диего Армандо Марадона стадионунда Наполи Германиянын Айнтрахт Франкфурт командасын тосуп алды.

1960447
Наполи тарыхында биринчи жолу чейрек финалда...

Наполи тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына жолдомо алды...

УЕФА Чемпиондор Лигасынын акыркы 16 турунда Наполи атаандаштын талаасында 2-0 эсебинде жеңген Айнтрахт Франкфуртту өз талаасында 3-0 эсебинде утуп чейрек финалга өттү.

Диего Армандо Марадона стадионунда Наполи Германиянын Айнтрахт Франкфурт командасын тосуп алды.

Үй ээсинин голдорун 45 жана 53-мүнөттө Виктор Осимхен, 64- пенальтиден Пиотр Зиелински киргизди.

Биринчи матчты 2-0 эсебинде уткан Наполи реваншта атаандашын 3-0 эсебинде жеңип чейрек финалга атын жаздырды. Ал эми Айнтрахт Франкфурт турнир менен коштошту.



Тектеш кабарлар