Чемпион жана рекорд койгон спортчулар Стамбулда болушту...

Стамбулда өткөрүлгөн 2023-жылы Европанын жабык имараттагы атлетика чемпионаты маанилүү жылдыздардын таймашына, рекорддоруна жана ийгиликтерине күбө болду.

1955843
Чемпион жана рекорд койгон спортчулар Стамбулда болушту...
Nafissatou Thiam .JPG
Laura Muir.JPG
Femke Bol.JPG
Karsten Warholm .JPG
Tuğba Danışmaz.JPG

Чемпион жана рекорд койгон спортчулар Стамбулда жарыш тилкесине чыгышты...

Стамбулда өткөрүлгөн 2023-жылы Европанын жабык имараттагы атлетика чемпионаты маанилүү жылдыздардын таймашына, рекорддоруна жана ийгиликтерине күбө болду.

Атакөй Атлетика залында өткөрүлгөн жана Түркияда биринчи жолу уюштурулган мелдеште 47 өлкөдөн 600гө жакын спортчу күч сынашты.

Көптөгөн рекордсмендер, дүйнөлүк жана олимпиадалык чемпион спортчулар титулдарын коргой алган уюмда маанилүү ийгиликтерге да жетишилди.

Чемпионатка кожоюндук кылган Түркия жалгыз медалын үч аттап секирүү боюнча Тугба Данышмаз менен алды.

Улуттук спортчу 14,31 метр менен Түркиянын рекордун жаңыртып, алтын медалдын ээси болду.

Эркектер арасында үч аттап секирүү боюнча финалда жарышкан Батухан Чакыр 9- жана акыркы орунду алды.

Огузхан Кая, Берке Акчам, Кубилай Энчү жана Исмаил Незирден турган 4х400 эстафеталык эркектер командасы Түркия рекордун жаңыртса да финалды акыркы орунда бүтүрдү.

Бельгиялык спортчу Нафиссатоу Тиам 2023-жылы Европанын жабык имараттагы жеңил атлетика чемпионатында эң көрүнүктүү ийгиликке жетишти.

2016-жылы Рио жана 2020-жылы Токио Олимпиадасында алтын медаль тагынган Тиам кыз-келиндер арасында пентатлондо 5055 упай менен 11 жылдык дүйнөлүк рекордду жаңылоого жетишип, алтын медалдын ээси болду.

28 жаштагы спортчу жабык имараттагы жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатында үчүнчү жолу подиумдун биринчи баскычына чыкты.

Ал ортодо сөз болуп жаткан жарышта бири-бирин кайталаган рекорддор мелдештин тарыхына кирди.

800 метр жарышты биринчи болуп бүтүргөн польшалык Адрианна Сулек 5014 упай менен дүйнөлүк рекордду жаңыртканына кубанса, жарышты 4-орунда аяктаган Тиам жалпы эсепте 5055 упай менен кыска убакытта дүйнөлүк рекордду жаңыртты.

Чемпионаттын сүйүктүү спортчуларынан Лаура Мюир, Фемке Бол жана Карстен Уорхолм алтын медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 1500 метрге чуркоодо трекке чыккан улуу британиялык атлет Лаура Мюир 4.03.40 көрсөткүчү менен подиумдун эң башына чыкты.

Муир жабык имараттагы жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатында 5-ирет алтын медалга ээ болду.

Кыз-келиндер арасында 400 метр аралыкта жабык имаратта дүйнөлүк рекорддун ээси болгон нидерландиялык атлет Фемке Бол 49.85тик көрсөткүчү менен анча кыйналбастан алтын медалга ээ болуу менен титулун коргоого жетишти.

Дүйнө жана Олимпиада чемпиону наамына ээ болгон норвегиялык спортчу Карстен Уорхолм эркектер арасындагы 400 метр аралыктын акыркы бөлүгүндө кыйынчылыкка туш болгонуна карабастан марага 45.35 секундада биринчи келип жабык имараттагы Европа чемпиондугуна экинчи ирет жетишти.

Чемпионатта жарышкан улуттук спортчулар Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарды да унуткан жок.

Тугба Данышмаз аялдар арасында 3 аттап секирүүдөн алган алтын медалын жер титирөөдөн жабыркагандарга арнады.

Көптөгөн жакындарын жер титирөөдө жоготкон Эмине Хатун Мечаал чемпионатта жер титирөөдөн жабыркагандардын бардыгы үчүн ат салышканын билдирди.

Улуттук спортчулар жер титирөөлөрдөн кийин жасалган кызматташтык аркылуу Түркиянын күчүн бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу далилдегенин белгилешти.

Мелдештин билетинен түшкөн каражат да жер титирөөдөн жабыркагандарга берилди.



Тектеш кабарлар