Европалык клубдардын көңүл айтуу билдирүүсү

Европанын маанилүү футбол клубдары эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык району болгон жана  10 провинцияга таасирин тийгизген жер титирөөдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөтүштү.

1942656

Социалдык тармактагы Twitter аккаунтунда көңүл айткан клубдардан Испаниянын өкүлү Барселона: «Түркиядагы жер титирөөдө жакындарын жоготкондорго көңүл айтабыз, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Жүрөгүбүз Түркия менен»,-деп билдирди.

Реал Мадрид болсо, «Жер титирөөдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. Бардык жарааттардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,-деп бөлүштү.

Англиянын Ливерпуль командасы жер титирөөдөн жабыркаган провинциялар үчүн Апаат жана курч кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан жарыяланган шашылыш байланыш телефондору менен бөлүшүп, «Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдө каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайбыз. Дубаларыбыз ушул чоң жер титирөөдөн жабыркагандар менен бирге...»,деген сөздөргө орун берди.

Манчестер Ситиде, «Каза болгондорго Кудайдан ырайым кылышын, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Жардам күткөн жарандарга тез арада жетип куткарылышын тилейбиз»,деген сөздөр камтылды.

Тектеш кабарлар