Рэтклифф менен Хэмилтон Манчестер Юнайтедди сатып алууну каалашат

Клубдун учурдагы ээси Глейзер, өз командасынын акцияларын сатыкка коюуну ойлонуп жатат.

1932186
Рэтклифф менен Хэмилтон Манчестер Юнайтедди сатып алууну каалашат

Британиянын эң бай бизнесмендеринин бири Жим Рэтклифф жана Формула 1дин айдоочусу Льюис Хэмилтон, Манчестер Юнайтедди сатып алууга камынып жатышат.

Клубдун учурдагы ээси Глейзер, нааразы болгон күйөрмандардын катуу кысымынан улам өз командасынын акцияларын сатыкка коюуну ойлонуп жатат.

«Манчестер Юнайтедге» кызыккан Ineos компаниясынын жетекчиси Рэтклифф буга чейин команданы сатып алуу сунушун билдирген.

Льюис Хэмилтон жана Жим Рэтклифф сунуш берүүгө даярданып жатышат.

7 жолку F1 чемпиондору Хэмилтон менен Рэтклифф бири-бирин жакшы билишет.

Ineos компаниясы Мерседес командасынын негизги демөөрчүсү жана мүлк өнөктөшү болуп саналат.

Формула 1 карьерасын аяктоо алдында турган 38 жаштагы Хэмилтон карьерасын кеңейтүүнү каалайт.

Британиялык айдоочу өткөн жылы NFL командасынын Денвер Бронкостун 50 пайыз өнөктөшү жана ээси болгон.

Льюис Хэмилтон ошондой эле кино компанияларына жана кийим бренддерине ээ.



Тектеш кабарлар