Дакар раллисинин биринчи этабы кызуу жарыштар менен коштолду

Кызыл деңиздин жээгинде 367 километрге созулган биринчи этап айыгышкан атаандаштыктын көрүнүштөрүнө ээ болду.

1926670
Дакар раллисинин биринчи этабы кызуу жарыштар менен коштолду

Сауд Арабияда өткөн 45-Дакар раллисинин биринчи этабы кызуу жарыштар менен коштолду.

Кызыл деңиздин жээгинде 367 километрге созулган биринчи этап айыгышкан атаандаштыктын көрүнүштөрүнө ээ болду.

Авто класста жалпы классификацияда 3 саат 28 мүнөт 55 секунд көрсөткүч менен испаниялык Карлос Сайнц биринчи орунду ээледи.

Сайнц 2010, 2018 жана 2020-жылы бул мелдештерде чемпиондук кубанычка ээ болгон.

Дүйнөлүк ралли чемпионатында 9 титулга ээ болгон француз Себастьян Лёб жалпы класста экинчи, швециялык айдоочу Маттиас Экстрем үчүнчү орунду алды.

Мотоцикл категориясынын биринчи этабында австралиялык Дэниел Сандерс биринчи этапты 4 саат 12 мүнөт 55 секундда аяктагандан кийин жалпы классификацияда биринчи болду.

Испаниялык Жоан Барреда Борт экинчи, америкалык Рики Брабек үчүнчү болду.

Ал ортодо мотоцикл категориясында акыркы чемпион Сэм Сандерленд кырсыктан улам белинен жаракат алып, жарыш менен эрте коштошту.

14 этаптан турган Дакар раллиси 15-январда Сауд Арабиянын чыгыш жээгиндеги Даммам шаарында жыйынтыкталат.



Тектеш кабарлар