Марокколуктар улуттук командасын кубанычтуу тосуп алышты...
Баш калаа Рабатта миңдеген марокколуктар, Катардан кайтып келген Марокконун улуттук курама командасына урмат-сый көрсөтүштү.
1921606
Тарыхында биринчи жолу жарым финал ойноп ФИФАнын дүйнөлүк кубогунда 4-орунду ээлеген Марокконун улуттук курама командасы өлкөдө кубанычтуу тосуп алынды.
Баш калаа Рабатта улуттук форма кийип Марокко желегин көтөргөн миңдеген марокколуктар 5-Мухаммед көчөсү менен 2-Хасан көчөсүндө Катардан кайтып келген Марокконун улуттук курама командасына урмат-сый көрсөтүштү.
Жарым финалда Франция менен жакшы ойногонуна карабастан 2-0 эсебинде жеңилип калган Марокконун улуттук командасы, үчүнчүлүк үчүн беттеште болсо Хорватияга 2-1 эсебинде утулуп, Дүйнөлүк кубокту төртүнчү орунда аяктаган болчу.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.