Парижде марокколук күйөрмандарга катуу кийлигишүү...

2022-жылы Катарда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Марокко Португалияны 1:0 эсебинде жеңгенден кийин Франциянын борбору Париждин көчөлөрүндө окуялар болду.

1917711
Парижде марокколук күйөрмандарга катуу кийлигишүү...

 Парижде Марокконун жеңишин майрамдап жаткан күйөрмандарга полиция кийлигишти...

2022-жылы Катарда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Марокко Португалияны 1:0 эсебинде жеңгенден кийин Франциянын борбору Париждин көчөлөрүндө окуялар болду.

Марокконун жүздөгөн жактоочулары Елисей көчөсүнө чогулуп, француз полициясынын катаал кийлигишүүсүнө кабылышты.

Мезгил-мезгили менен көздөн жаш агызуучу газ жана үн бомбаларын колдонгон полиция менен жактоочулар ортосунда тирешүү күчөдү.

Француз маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, окуяларда 50гө жакын адам кармалган.

Марокконун улуттук командасы дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыккан биринчи африкалык команда катары тарыхта калды.

Марокко шаршемби күнү Франциянын улуттук командасы менен беттешет жана жеңген команда финалга чыгат.



Тектеш кабарлар