Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Нидерландия менен Аргентина чейрек финалга өттү

АКШ акыркы 16 команда ойногон турда Катар 2022 менен коштошту.

1914388
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Нидерландия менен Аргентина чейрек финалга өттү
hollanda fifa 2022.jpg
arjantin fifa 2022.jpg
messi.jpg

2022-жылкы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Нидерландия акыркы 16 команда ойногон турдагы матчта АКШны 3:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыккан биринчи команда болду.

АКШ акыркы 16 команда ойногон турда Катар 2022 менен коштошту.

Нидерланддардын голдорун Депай, Блинд жана Дамфрис киргизсе, АКШнын жалгыз голун киргизген  Хажи Райттан болду.

2022-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Аргентина Австралияны 2:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.

Аргентинанын голдорун Лионел Месси жана Жулиан Альварес киргизди.

Месси карьерасындагы 1000-матчында 789-голун киргизди.

Дүйнөлүк чемпионаттардагы гол санын 9га жеткирген Месси Аргентинанын легендарлуу оюнчусу Диего Армандо Марадона менен чемпионатта 8 гол киргизген Криштиану Роналдуну артка калтырды.

Аргентина чейрек финалда АКШны утуп турнирден четтеткен Нидерландия менен беттешет. 9-декабрь жума күнү боло турган чейрек финалдык беттеш Лусаил стадионунда ойнолот.



Тектеш кабарлар