Батут гимнастикасы боюнча дүйнө чемпионаты
Кыз-келиндердин финалында Мори Хикару көңүлдөрдү бурду.
1909375
Болгариянын борбору Софияда батут гимнастикасы боюнча 36-дүйнө чемпионаты өттү.
Турнирдин акыркы күнүндө кыз-келиндердин финалында Мори Хикару көңүлдөрдү бурду.
Хикару алгач командалашы Мегу Уяма менен бирге синхрондуу финалда мелдешти.
29 жаштагы спортчу бул категорияда алтын медаль тагынды.
Япониялык спортчу ушул медалдан 45 мүнөттөн кийин болсо кыз-келиндердин жеке финалында күч сынады.
Хикару бул категорияда Брайон Пейджден кийинки 2-орунду ээлеп, күмүш медалды мойнуна тагынды.
1 сааттын ичинде 2 медаль алган Мори тарыхый ийгиликке жетишип, Чемпионатты эң көп упай менен жапкан аял спортчу болду.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.