Түркия талапкерлик арызын УЕФАга тапшырды

УЕФАнын билдирүүсүндө, 2028 жана 2032-жылдагы чемпионаттарды өткөрүүнү каалаган өлкөлөрдүн, алдын ала сунуш документтерин тапшыргандары белгиленди.

1907383
Түркия талапкерлик арызын УЕФАга тапшырды

Түркия 2028 жана 2032-жылкы Европа футбол чемпионаттарын өткөрүү үчүн талапкерлик арызын Европа футбол федерациялары биримдиги УЕФАга тапшырды.

УЕФАнын билдирүүсүндө, 2028 жана 2032-жылдагы чемпионаттарды өткөрүүнү каалаган өлкөлөрдүн, алдын ала сунуш документтерин тапшыргандары белгиленди.

Түркия 2028 жана 2032-жылкы чемпиондуктар үчүн УЕФАга сунуш берсе; Британия, Түндүк Ирландия, Ирландия Республикасы, Шотландия жана Уэльстин футбол федерациялары 2028-жылга, Италия болсо 2032-жылга документтерин тапшырды.

Тендердик файлды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 12-апрелине чейин деп белгиленген. Кожоюн өлкөлөрдүн келерки жылдын күз айларында белгилүү болору күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар