2022 FIVB аялдар арасындагы волейбол боюнча дүйнө чемпионатында Сербия чемпион болду
Нидерландиянын Апелдорн шаарында ойнолгон мелдештерде Бразилия жана Сербия чемпиондук үчүн беттешсе, үчүнчү орун үчүн Италия менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) беттешти.
1893362
2022 FIVB аялдар арасындагы волейбол боюнча дүйнө чемпионатында Сербия экинчи жолу катары менен дүйнө чемпиону болду.
Нидерландиянын Апелдорн шаарында ойнолгон мелдештерде Бразилия жана Сербия чемпиондук үчүн беттешсе, үчүнчү орун үчүн Италия менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) беттешти.
Финалдык беттеште 2018-жылдын чемпиону Сербия 26-24, 25-22, 25-17 сеттер менен Бразилияны 3-0 эсебинде жеңип чемпиондук наамга ээ болду.
Эң баалуу оюнчу (MVP) деп сербиялык Тияна Боскович тандалды.
Үчүнчү орун үчүн беттеште Италия АКШны 3:0 эсебинде утуп, турнирди үчүнчү орунда жыйынтыктады.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.