Рыза Каяалп 5-жолу Дүйнө чемпиондугун багындырды
Рыза Каяалп кайрадан дүйнөнүн туу чокусуна чыкты...
Сербияда өткөрүлгөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда улуттук спортчу Рыза Каяалп грек-рим 130 килограммда 5-жолу алтын медалга ээ болду.
Рыза Каяалп кайрадан дүйнөнүн туу чокусуна чыкты...
Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күч сынашкан улуттук спортчубуз грек-рим стилинде 130 килограмм салмакта чемпиондук оюнга катышты.
Биздин балбан финалда ирандык Амин Мирзазаде менен беттешти. Атаандашын 2-1 эсебинде жеңген Рыза алтын медалдын ээси болду.
Түрк күрөшү тарыхта калды...
Рыза Каяалп 5-жолу дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы түрк балбаны катары тарыхта калды.
Улуттук спортчу буга чейин 2011, 2015, 2017 жана 2019-жылдары дүйнө чемпиону болгон.
11 жолу Европа чемпиондугун багындырып эң көп уткан түрк күрөшчүсү деген наамга ээ болгон Рызанын карьерасында 1 күмүш жана 2 коло Олимпиада медалы да бар.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.