Улуттук сууда сүзүүчүлөрдөн 3 алтын жана 1 күмүш медаль...
Жер Ортолук деңиз оюндарында улуттук сууда сүзүүчүлөр акыркы күндү 3 алтын жана 1 күмүш медаль менен аяктады.
19-Жер Ортолук деңиз оюндарында Түркиянын улуттук сууда сүзүүчүлөрү акыркы күндү 3 алтын жана 1 күмүш медаль менен аяктады...
Улуттук сууда сүзүүчү Беркай Өмер эркектер арасындагы 100 метр брасс финалында 1 мүнөт 03 убакыт менен оюндардын рекордун жаңыртып алтын медалга ээ болду.
Ушул эле жарышта жарышкан Эмре Сакжы болсо 1 мүнөттө 19 көрсөткүч менен күмүш медаль тагынды.
Кыз-келиндер арасында 400 метрге эркин сүзүүдө мелдешке чыккан Дениз Эртан 4 мүнөт 8 секунд 04 менен алтын медалга ээ болду.
Оюндарда дагы бир алтын медалды Виктория Зейнеп Гүнеш алды.
Кыз-келиндер арасында 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча финалда бассейнге кирген улуттук сууда сүзүүчү 2 мүнөт 26 секунд 48 көрсөткүчү менен алтын медалга ээ болду.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.