Нафия Куштан алтын медаль...

Нафия Куш финалда марокколук Фатима Абуфарасты 5-0 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.

1851850
Нафия Куштан алтын медаль...

19-Жер Ортолук деңиз оюндарында медалдардын жамгыры Алжирде уланып жатса, алтын медаль бул ирет Нафия Куштан келди.

Кыз-келиндер арасында плюс 67 кг салмакта татамиге чыккан Нафия Куш финалда марокколук Фатима Абуфарасты 5-0 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.

Чемпион спортчу медалын жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглунан алды.

Эркектер арасында Өмер Фарук Дайыоглу болсо 58 килограммда жарым финалда дагы бир марокколук Омар Лейкхал менен беттешти.

Жаш спортчу атаандашына 26-23 эсебинде утулуп, коло медаль тагынды.



Тектеш кабарлар