19-Жер Ортолук деңиз оюндары уланууда

Түркиялык спортчулар медалдарды багындырууда.

1849962
19-Жер Ортолук деңиз оюндары уланууда

Алжирдин Оран шаарынын кожоюндугундагы 19-Жер Ортолук деңиз оюндарында толкундануу уланууда.

Ясемин Анагөз жана Бүшранур Жошкун Эзги Башарандан турган жаа атуу боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы жарым финалда Францияны 5-1 эсебинде жеңип финалга өттү.

Мете Газоз – Самет Ак жана Абдуллах Йылдырмыштан турган классикалык жаа атуу боюнча эркектер улуттук курама командасы болсо Францияга бирдей эсеп менен утулуп, финалга чыга алган жок.

Улуттук команда коло медаль үчүн мелдешет.

Классикалык жаа атуу боюнча тандоо турларында Мете Газоз менен Ясемин Эжем Анагөз биринчиликти алышты.

Кыз-келиндер арасында бадминтон боюнча жалгыз мелдеште Өзге Байрак Багжы жарым финалда испаниялык атаандашына 2-0 эсебинде жеңилип коло медалга ээ болду.

Неслихан Йигит болсо египеттик атаандашын 2-0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Эркектер арасында Эмре Лале жарым финалда испаниялык Пабло Абиан Виченге 2-0 эсебинде утулуп, оюндарды коло медаль менен аяктады.

Бокс боюнча да эркектер арасында чейрек финалдын толкундануусу болду.

48 килограммда Самет Гүмүш жана 57 килограммда Батухан Чифтчи атаандаштарын жеңип жарым финалга чыкты жана коло медаль тагынышты.

Жер Ортолук деңиз оюндарында дзюдодо да толкундануу башталды.



Тектеш кабарлар