Жер Ортолук деңиз оюндары уланууда

Түркиянын улуттук спортчулары медалдарды багындырууда.

1849008
Жер Ортолук деңиз оюндары уланууда

Алжирдин Оран шаарындагы Жер Ортолук деңиз оюндарында толкундануу уланууда...

Бокс боюнча 66 килограмм салмакта Түркияны өкүлдүк кылган Бусеназ Сүрменели сербиялык атаандашын жеңип, жарым финалга өттү жана медалды гарантиялады.

Ал эми Каан Айкутсун эркектер арасында 81 кг салмакта сириялык атаандашын жеңип чейрек финалга чыкты.

60 кг салмакта Хакан Доган жана +91 кг салмакта Угур Айдемир болсо оюндан четтеди.

Эркин күрөш боюнча мелдештер башталды.

57 килограммда Мухаммед Каравуш, 74 килограммда Самет Ак, 86 килограммда Фатих Эрдин жана 97 килограммда Фейзулла Актүрк финалга чыкты.

Гандбол боюнча эркектерден турган улуттук курама Жер Ортолук деңиз оюндарынын биринчи беттешинде атаандаштын талаасында Алжирге 32-27 эсебинде утулуп калды.

Волейбол боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасы С тайпасындагы экинчи беттешинде Италияны 3-1 эсебинде жеңсе, эркектер командасы Грецияга 3-2 эсебинде жеңилди.



Тектеш кабарлар