Волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасы Түштүк Кореяны жеңди

Бразилиянын борбор шаары Бразилиядагы «Нилсон Нельсон» гимназия залында өткөн беттеште Түркия Түшүтүк Кореяны 3-1 эсебинде утту.

1845699
Волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасы Түштүк Кореяны жеңди

Түркиянын Волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасы Улуттар лигасынын Бразилиядагы акыркы беттешинде Түштүк Корея менен ойноду.

Бразилиянын борбор шаары Бразилиядагы «Нилсон Нельсон» гимназия залында Түштүк Корея беттешти эффективдүү баштады.

Түштүк Корея биринчи сетти 25-20 эсебинде утуп алды.

Беттештин экинчи сетинде улуттук курамалар чабуулдагы артыкчылыктарын жоготушкан жок жана сетти 25-13 эсебинде утуп, абалды 1-1ге жеткиришти.

Үчүнчү сетте атаандаштарын өткөрүп жибербеген тордун султандары сетти 25-19 эсебинде алып, 2-1 менен алдыга чыгышты.

Беттештин төртүнчү сетинде чабуулда эффективдүү болгон улуттук команда сетти 25-15 менен алды жана беттешти 3-1 эсебинде утуп, эсебин 16га жеткирди.

Улуттар лигасынын үчүнчү жумасын Калгари (Канада), финалды Анкара өткөрөт.



Тектеш кабарлар