Улуттук жаш дзюдочулардын ийгилиги

Түркия жалпы 2 алтын, үч күмүш жана коло медаль менен экинчи орунду алды.

1802797
Улуттук жаш дзюдочулардын ийгилиги

Улуттук жаш дзюдочулар кечээ Грецияда өткөрүлгөн Европа кубогунун экинчи жана акыркы күнүндө бирөө алтын жалпы төрт медаль утуп алышты.

Борбор шаар Афинада уланган иш-чарада кыздар арасында 48 килограммда Мерве Азак алтын, 57 килограммда Айшенур Карадаг жана эркектерде 90 килограммда Жем Ата Демирташ күмүш, кыздар арасында 48 килограммда Чагла Сердар коло медалга ээ болушту.

Өлкө рейтингинде болсо Түркия жалпы 2 алтын, үч күмүш жана үч коло медаль менен экинчи орунду алды.

Европа кубогунун биринчи күнүндө улуттук курама бир алтын, бир күмүш жана эки коло медалга ээ болушкан.



Тектеш кабарлар