Португалия - Түркия беттеши TRT1де...

Ай жылдыздуу команда эртең Европа тандоолорунун плей-офф жарым финалында Португалия менен беттешет.

1800374
Португалия - Түркия беттеши TRT1де...

Футболдо улуттук толкундануу бар...

Түркиянын Улуттук курама командасы футбол боюнча 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатка баруу жолунда маанилүү беттеш өткөрөт.

Ай жылдыздуу команда эртең Европа тандоолорунун плей-офф жарым финалында Португалия менен беттешет.

Түркия убактысы боюнча саат 22.45те баштала турган оюн ТРТ-1ден түз эфирде көрсөтүлөт.

«Драгао» стадионунда өтө турган чоң мелдешти Германиянын футбол федерациясынан Даниэль Зиберт башкарат.

Жарым финал беттеши бир оюн боюнча ойнолот.

Түркиянын командасы беттеште жеңишке жетишсе, 29-март шейшемби күнү Коньяда Италия-Түндүк Македония плей-офф беттешинин жеңүүчүсү менен финалдык беттеште ойнойт.

Улуттук курама Португалия беттешинде утулуп калса, Италия-Түндүк Македония мелдешинде жеңилген команда менен атайын беттешке чыгат.

Тарыхый беттеш TRT-1, TRT Watch, trtspor.com.tr жана TRT Radio-1ден түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар