Түркия Португалия менен беттешет

Улуттук курама бул беттеште жеңишке жетсе, 29-марттагы Италия - Түндүк Македония беттешинин жеңүүчүсү менен Коньяда финалдык беттешти өткөрөт.

1796359
Түркия Португалия менен беттешет

Улуттук курама 24-мартта Португалия менен Дүйнөлүк чемпионаттын Европа тандоолорунун плей-офф турунун жарым финалында беттешет.

Улуттук курама бул беттеште жеңишке жетсе, 29-марттагы Италия - Түндүк Македония беттешинин жеңүүчүсү менен Коньяда финалдык беттешти өткөрөт.

Ай-жылдыздуу спортчулар беттешти өткөрүп жибербеши үчүн Түркиянын футбол федерациясы да жолдоштук беттеш уюштурду.

Билдирүүгө караганда, эгер түрк командасы Португалиядан четтетиле турган болсо, алар ошол эле күнү жана саатта Италия - Түндүк Македония беттешинин утулганы менен атайын беттеште ойнойт.



Тектеш кабарлар