NBAде Жеди менен Фуркан беттешти...

Кавальерстин түрк чабуулчусу Жеди Осман менен үй ээси 76ерстин оюнчусу Фуркан Коркмаз беттеш алдында жолугуп, жылуу маанай тартуулашты.

1778148
NBAде Жеди менен Фуркан беттешти...

NBAдеги түрк оюнчулары Фуркан менен Жеди беттешкен матчтын алдында достук үчүн сүрөткө түшүштү.

Американын баскетбол лигасында (NBA) Кливленд Кавальерс атаандаш талаасында Филадельфия 76ерске 93-103 эсебинде утулуп калган беттештин алдында түрк оюнчулары Жеди Осман менен Фуркан Коркмаз эстеликке сүрөткө түшүштү.

Кавальерстин түрк чабуулчусу Жеди Осман менен үй ээси 76ерстин оюнчусу Фуркан Коркмаз беттеш алдында жолугуп, жылуу маанай тартуулашты.

Уэллс Фарго Центрде ойнолгон беттешти көргөндөрдүн арасында Түркиянын Нью-Йорктогу башкы консулу Рейхан Өзгүр түрк желегин ачып, Осман менен Коркмазга салам айтты.

Өзгүр менен бирге консулдуктун кээ бир кызматкерлери жана түрк жарандары түрк баскетболчуларына колдоо көрсөтүштү.

Үй ээси үчүн 40 упай, 14 топ кайтаруу жана 10 ассист менен «трибл-дубль» жасаган Жоэль Эмбийдин жеңишке жетишүүдө чоң роль ойноду.

Фуркан Коркмаз 9 упай, 2 топ кайтаруу жана 1 блок менен оюнду жыйынтыктады.

Конок команданын курамында 27 упай жана 4 топ кайтаруу менен Дариус Гарланд эң мыкты бомбардир болду.

25 мүнөттөй ойногон Жеди Осман 12 упай, 3 топ кайтаруу жана 4 ассисттке жетишти.



Тектеш кабарлар