«А» Улуттук курама командабыздын плей-офф оюндарында ыктымал атаандаштары...

Чучукулак кармоодо Түркиянын ыктымал атаандаштары белгилүү болду.

1735000
«А» Улуттук курама командабыздын плей-офф оюндарында ыктымал атаандаштары...

Футбол боюнча «А» Улуттук курама командабыз Дүйнөлүк чемпионатка баруу жолунда плей-офф оюндарына катышат. Чучукулак кармоодо Түркиянын ыктымал атаандаштары белгилүү болду.

Буга ылайык, жарым ай-жылдыздуулар; футболдо алдыңкы өлкөлөрдүн бири Португалия, Шотландия, Италия, Россия, Швеция же Уэльс менен беттешет.

Биздин улуттук командага окшоп биринчилик орунун ала албаган башка командалар; Польша, Түндүк Македония, Украина, Чехия жана Австрия.

26-ноябрда өтө турган чүчүкулакта плей-оффко жолдомо алган 12 өлкө 4 командадан турган 3 тайпага бөлүнөт.

Жалгыз матчтык өтүү системасы боюнча ойноло турган жарым финалда жеңгендер финалга чыгат.

3 тайпанын финалында жеңишке жеткен өлкөлөр 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышат.

Биздин улуттук курама команда тизмеден чыга албагандыктан, плей-офф жарым финалы атаандаш талаасында ойнолот.



Тектеш кабарлар