Олимпиада факели Кытайга жеткирилди

Кытай биринчи жолу өткөрө турган Кышкы Олимпиада оюндары келерки жылдын 4 – 20 - февралында өтөт.

1722127
Олимпиада факели Кытайга жеткирилди

2022 Кышкы Олимпиада оюндарынын факели Грецияда болгон аземде жагылып, олимпиада өткөрүлө турган Кытайдын борбор шаары Пекинге жеткирилди.

Афинадан учак менен Пекинге алып барылган факел Пекин олимпиадалык мунарасында Улуттук стадиондо  "Куш уясы" деп аталган азем менен тосулуп алынды.

Пекин Коммунисттик партиясынын катчысы, 2022 - жылдагы Олимпиаданы уюштуруу комитетинин төрагасы Цай Чи Олимпиадалык факел менен олимпиада казанын күйгүздү.

Олимпиада мунарасында көргөзмөгө коюла турган факел андан кийин өлкөнүн түрдүү шаарларына алып барылат.

2022 Кышкы Олимпиадалары факели мурунку күнү Грециянын батышындагы байыркы Олимпиа шаарында азем менен жагылды жана факел кечээ Афинадагы Панатенайк стадионундагы аземде  кытайлык спортчулар менен уюштуруучуларга тапшырылды.

Кытай биринчи жолу өткөрө турган Кышкы Олимпиада оюндары келерки жылдын 4 – 20 - февралында өтөт.

Пекин мындан мурда 2008 - жылы жайкы Олимпиада оюндарын өткөргөн.

 



Тектеш кабарлар