Түрк командасынын ийгилиги

Түркиянын кыздар командасы Украинаны 3-0 эсебинде жеңди.

1694867
Түрк командасынын ийгилиги

Түриянын волейбол боюнча кыздар командасы CEV-2021 Европа чемпионатынын D тайпасындагы экинчи беттешинде Украинаны 3-0 эсебинде жеңди.

Румыниянын Калошвар шаарындагы BT Arena стадионунда ойнолгон оюнду жакшы баштаган улуттук команда, биринчи бөлүмдү 25-14 упай эсебинде утуп, 1-0 эсебинде алдыга чыкты.

Экинчи бөлүмдө Эда Эрдем Дүндар жана Эбрар Каракурттун упайлары менен үстөмдүк кылган Түркия 25-19 эсебинде жеңип, абалды 2-0ге жеткирди.

Улуттук команда үчүнчү бөлүмдү 26-24 эсебинде утуп беттешти 3-0 эсебинде аяктады.

Түркиянын кыздар командасы Сербия, Румыния, Хорватия жана Болгария биргелешип уюштурган чемпионатта эки жеңишке ээ болду.

Ай жылдыздуулар эртең тайпанын үчүнчү беттешинде Швеция менен ойнойт.



Тектеш кабарлар