Супер кубоктун ээси Челси болду

УЕФАнын Суперкубогунун матчында Челси менен Вильярреал Түндүк Ирландиянын Виндзор Парк стадионунда беттешти.

1690239
Супер кубоктун ээси Челси болду
2.JPG
3.JPG
Thomas Tuchel.JPG
kepa.JPG

Чемпиондор Лигасынын акыркы чемпиону "Челси" УЕФАнын Суперкубогунда "Вильярреалды" пенальтиде 7-6 эсебинде утуп, 23 жылдын ичинде экинчи жолу кубоктун ээси болду.

УЕФАнын Суперкубогунун матчында Челси менен Вильярреал Түндүк Ирландиянын Виндзор Парк стадионунда беттешти.

27-мүнөттө Хаким Зиештин голу менен "Челси" 1-0 эсебинде алдыга чыкты.

Чабуулдарын күчөткөн Вильярреал 73 -мүнөттө Жерар Морено менен эсепти теңеди.

Негизги убакыт 1-1 аяктагандан кийин кошумча убакыт башталды, бирок эки команданын гол издөөсү натыйжа берген жок.

Пенальтилер сериясынын аягында Челси атаандашын 6-5 эсебинде утуп, кубокту жеңип алды.

Челсинин машыктыруучусу Томас Тухел беттештин 119 -мүнөтүндө оюнчусун алмаштыруусу беттеште из калтырды.

Пенальти сериясын эске алып, Тухель Эдуард Менди оюндан четтетип, талаага Кепа Арризабалаганы киргизди.

Пенальтилер сериясында эки жолу өз дарбазасында топту тосууга жетишкен испандык дарбазачынын Челсинин УЕФАнын Суперкубогун жеңип алуусунда чоң үлүшү бар.



Тектеш кабарлар