Европа чемпионатынын финалында Италия менен Англия беттешет

Англия менен Дания Англиянын борбору Лондондогу Уэмбли стадионунда ойнолгон экинчи жарым финалдык беттеште күч сынашышты.

1672043
Европа чемпионатынын финалында Италия менен Англия беттешет

16-Европа Футбол чемпионатында (ЕВРО-2020), Англия Данияны 2: 1 эсеби менен утуп алды, анын кадимки убактысы 1-1 аяктады.

Англия менен Дания Англиянын борбору Лондондогу Уэмбли стадионунда ойнолгон экинчи жарым финалдык беттеште күч сынашышты.

30-мүнөттө Дания 1-0 эсебинде алдыга чыкты. Эркин тебүү укугуна ээ болгон топту жаза чийинин аркасында туруп тепкен Миккел Дамсгаард тегерек терини стилдүү тээп торго жиберди.

39-мүнөттө Англия Симон Кяердин өз талаасына киргизип алган тобу менен теңделди.

Таймаштын негизги убактысы 1-1 аяктап, кошумча убакыт башталды.

102-мүнөттө айып аянтчасына оң тараптан кирген Стерлинг, Маэле жана Женсен менен болгон беттеште жерде калды, жана калыс Дэнни Маккале пенальтини көрсөттү.

104-мүнөттө Гарри Кейн пенальтини аткарганда дарбазачы Шмейхель топту тосту, топ колунан учканда позициядан пайдаланган Кейн тегерек булгаарыны торго жиберип, командасын 2-1 алдыга алып кетти.

Калган бөлүмдө эсепти кантип сактап калууну билип, Англия атаандашын 2-1 эсебинде утуп, турнирдин тарыхында биринчи жолу финалга чыгуу ийгилигине жетишти.

Англия менен Италиянын ортосундагы акыркы беттеш 11-июль, жекшемби күнү Уэмбли стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 22: 00дө болот.



Тектеш кабарлар