Марадона менен алектенген медицина кызматкерлери айыпталды

Диего Марадона 2020 -  жылы 25 -  ноябрда  60 жашында Буэнос-Айрестин тышында ижарага алынган резиденцияда көз жумган.

1643309
Марадона менен алектенген медицина кызматкерлери айыпталды

Аргентиналык футбол жылдызы Диего Марадона көз жумардан мурун аны менен жакын байланышта болгон жети медицина кызматкерине шалаакылык менен адам өлтүрүү боюнча айып тагылды.

Медицина кеңеши тарабынан бул айда прокурорлорго берилген очтетто Марадонанын 12 саат кыйналгандыгы, жетерлик дарыланбагандыгы жана ылайыктуу ооруканага жаткырылганда азыр тирүү болушу мүмкүн экени билдирилди.

Прокурорлор нейрохирург Леопольдо Лукеге, психиатр Агустина Косачовго жана башка 5 медицина кызматкерлерине адам өлтүрүү боюнча айып такты.

Нейрохирург Лукенин адвокаты Хулио Ривас отчеттун туура эмес  экендигин жана бир тараптуу экендигин, илимий негизге негизделбегендигин ырастады.

1986-жылы дүйнөлүк кубокто Аргентинаны жеңишке жетелеген Марадона, көз жумардан эки жума мурун мээсине операция жасалган. 2020 -  жылы 25 -  ноябрда  60 жашында Буэнос-Айрестин тышында ижарага алынган резиденцияда көз жумган.

 



Тектеш кабарлар