Ла Лига Кападокиянын көрүнүшүн камтыган видео менен Эль Класикону таанытты
Видеодо Реал Мадрид менен Барселонанын желектери желбиретилди.
1617400
Испаниянын Биринчи Футбол Лигасы (Ла Лига) Кападокиянын көрүнүшүн камтыган видео менен Эль Класикону таанытты.
Ла Лиганын сайтында Реал Мадрид менен Барселонанын ортосунда 10-апрель ишемби күнү өтө турган Эль-Класико беттешинин алдында Кападокиянын көрүнүшүн камтыган видео жарыяланды.
Видеодо Түркиянын маанилүү туристтик борборлорунун бири Кападокиядагы аба шарынын үстүндө, көз жоосун алган аймактын тарыхый көрүнүшүнүн коштоосунда Реал Мадрид менен Барселонанын желектери желбиретилди.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.