Түркия тайпасында 7 упай топтоп тизменин башында орун алды

Стамбулдагы «Ататүрк» олимпиада стадионунда болгон  «G» тайпасындагы үчүнчү беттешинде Түркия Латвия менен 3-3 эсебинде теңме-тең чыкты.

1611799
Түркия тайпасында 7 упай топтоп  тизменин башында орун алды

Футбол боюнча улуттук курама команда FIFA-2022 Дүйнөлүк кубок тандоолорунун «G» тайпасында Латвия менен өткөргөн беттешүүсүн 3-3 эсебинде тең ойноду.

Стамбулдагы «Ататүрк» олимпиада стадионунда болгон  «G» тайпасындагы үчүнчү беттешинде Түркиянын голдорун 2-мүнөттө Кенан Караман, 33-мүнөттө Хакан Чалханоглу жана 52-мүнөттө Бурак Йылмаз пенальтиден киргизишти. Латвиянын голдорун 35-мүнөттө Саванниекстен, 58-мүнөттө Улдрийис жана 79-мүнөттө Икауниекс киргизди.

Президент Режеп Тайип Эрдоган беттешти стадиондо көрдү.

Биринчи оюнда Нидерландияны, экинчи беттеште Норвегияны утуп чыккан ай-жылдыздуу команда Латвия менен теңме-тең болуп, тайпада 7 упайга ээ болуп, тизмедегеи башкы орунду сактап калды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Твиттер баракчасында «#BizimÇocuklar» этикеткасы менен бөлүшүүсүндө, «Бүгүн кечинде Дүйнөлүк чемпионатка бара жаткан жолдо бир аз тыным болду. Футбол боюнча улуттук курама командабызга жакшы 3 оюн, мыкты таймаш, 7 упай жана үч оюндагы 10 гол киргизгендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз», сөздөрдүн жазды.

Вице-президент Фуат Октай FIFA-2022 Дүйнөлүк кубок тандоолорунун «G» тайпасында үчүнчү матчында өз талаасында тосуп алган Латвия менен 3-3 эсебинде тең чыккан «А» Улуттук футбол командасын  куттуктады.

Октай, өзүнүн социалдык медиа баракчасынан бөлүшүүсүндө, «Бул упай биздин көз мончок болсун. Жыйынтыгына карабастан, биз ар дайым «Биздин балдар» менен биргебиз»,деп жазды.



Тектеш кабарлар