Түркиянын атаандашы Латвия

Стамбулдагы «Ататүрк» Олимпиада стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 21:45те башталат.

1610995
Түркиянын атаандашы Латвия

Түркиянын футбол боюнча А улуттук курама командасы  FIFA-2022 Дүйнө кубогунун тандоо оюндарынын «G» тайпасындагы үчүнчү мелдешинде Латвияны тосуп алат.

Стамбулдагы «Ататүрк» Олимпиада стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 21:45те башталат жана Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) ТРТ-спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Түрк командасы тайпанын биринчи мелдешинде Стамбулда Нидерландияны 4-2 эсебинде, экинчи беттешинде Испанияда 3-0 эсебинде утуп алган. Алты баллга ээ болгон улуттук команда тайпада лидер абалында.

Латвия болсо эки оюндан упай топтой алган жок.

Тайпадагы берки мелдештерде болсо Гибралтар-Нидерландия жана Черногория-Норвегия беттешет.



Тектеш кабарлар