Түркиянын атаандашы Норвегия

А улуттук курама командасы FIFA- 2022 Дүйнө кубогунун тандоо оюндарынын «G» тайпасындагы экинчи мелдешинде Норвегия менен беттешет.

1609416
Түркиянын атаандашы Норвегия

Түркиянын футбол боюнча А улуттук курама командасы FIFA- 2022 Дүйнө кубогунун тандоо оюндарынын «G» тайпасындагы экинчи мелдешинде Испанияда Норвегия менен беттешет.

Малага шаарындагы Ла Розаледа стадионунда ойнолуучу оюн Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө башталат жана Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Ослодогу Ullevaal стадионунда өткөрүлүшү пландалган беттеш коронавируска (Kovid-19) байланыштуу саякаттоо чектөөлөрүнөн улам Испаниянын Малага шаарына которулган болчу.

Улуттук команда ушул жылдын биринчи оюнунда 24-мартта Нидерландия менен беттешти. Түркиянын командасы FIFA- 2022 Дүйнө кубогунун тандоо оюндарынын «G» тайпасындагы биринчи мелдешинде Стамбулда атаандашын 4-2 эсебинде утуп алган.



Тектеш кабарлар